"Жомок айтпай, көзүңөрдү чоң ачып иштегиле!". Төрага Шакиев агынан жарылды

Бүгүн, 2-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Жарнама жөнүндө" мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр экинчи окууда каралды.

Талкуу маалында төрага Нурланбек Шакиев мыйзам долбооруна олуттуу мамиле кылууга чакырып, отурумга келген жетекчилердин жоопторун сындады.

“Сунушталган мыйзам жөнөкөй көрүнгөнү менен абдан маанилүү. Андыктан буга жеңил-желпи кароого болбойт. Айрыкча, бүгүн отурумга чакырылгандардын жооптору такыр канааттандырбайт. Эгер тийиштүү жетекчилер натыйжалуу иштегенде, борбор калаабыз азыркыдай абалга келмек эмес. Борбордук көчөлөрдөн баштап, кичи көчөлөргө чейинки илинген жарнамалар орусча же англисче жазылган. Уят да ушул. Эмне үчүн айттырбай эле өзүңөр барып, оңдо деп айтпайсыңар? Силерде мекенчилдик сезим жок, кызматыңарды так аткарбайсыңар. Бул жерге келип жомок айтасыңар.

Бишкек башка өлкөнүн борборундай көрүнөт. Кайсы шаарда жүргөнүңдү билбейсиң. Алгач кыргыз тилинде жазылышы керек, анан башка тилде жазылсын. Бул жерге келип жомок айтпай, көзүңөрдү чоң ачып иштегиле! Мындай мамиле болбойт. Бирөөлөрдүн кызыкчылыгы үчүн шаардагы үйлөрдү чуркап барып сүрдүргөндү билесиңер, а эмне үчүн өзүңөр билип жарнактарды оңдобойсуңар? Шаар жетекчилиги жана ушул жерде отурган мамлекеттик кызматкерлер, силер үчүн - бул уят!" - деди Шакиев.

Депутат Мирлан Самыйкожо менен Эмил Жамгырчиев мыйзамды толук иштеп чыгуу үчүн комитеттин кароосуна кайтаруу сунушун берди. Жыйынтыгында мыйзам долбоору комитетке кайтарылды.

Белгилей кетсек, сунушталган долбоор колдонуудагы мыйзамды Конституцияга ылайык келтирүү, ошондой эле коррупциялык ченемдерди жоюу максатында даярдалган. Мыйзам бузуу аныкталганда жеке жактарга 5500 сом, юридикалык жактарга 17 000 сомго чейин айып пул салуу каралган.

Жогорку Кеңеш 02.02.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан