Жалал-Абадда 4 жаран “Хизбут-Тахрир” уюмунан баш тартышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.
Маалымдалгандай, алар буга чейинки жасаган кадамдары туура эмес экендиктерин айтышып, жаштарды бул жолго барбоого чакырышты.
2023-жылдын 1 ай ичинде тиешелүү кызматтар тарабынан диний экстремизмге каршы 78 жолу профилактикалык иштер жүргүзүлгөн.
Алдын алуу максатында уюштурулган иш-чараларга жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар катышышкан.