Былтыркы жылы Таласта 10 айыл өкмөтү дотациядан чыгарылды

Былтыркы жылы Таласта 10 айыл өкмөтү дотациядан чыгарылды. Бул тууралуу президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиялык жыйынында айтылды.

Маалымдалгандай, жыйынга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов да катышты.

Анын жүрүшүндө 2022-жылдын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн жыйынтыгы, ошондой эле ушул жылга пландар каралды.

"Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн ишинин жыйынтыгына оң баа берилди, жакшы натыйжалар орун алган. 2022-жылы республикалык бюджетке салыктык түшүүлөрдүн көлөмү 2020-жылга салыштырмалуу 10 эседен ашык өстү. 2022-жылы 10 айыл өкмөтү дотациядан чыгарылды", - деди Байсалов.

Жыйында белгиленгендей, өткөн жылы облуста ар кыл багыттагы 154 жаңы чакан жана орто ишканалар ачылып, анда 677 жаңы жумуш орундары түзүлгөн.

2022-жылы 3 бала бакча, 4 мектеп пайдаланууга берилип, ошондой эле кошумча жаңы мектеп имараты курулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан