Бишкекте 33 килограмм баңгизат уурдаган милиция кызматкери кармалды

Бишкектин Биринчи май райондук милициясынын кызматкери 33 килограмм 850 грамм баңгизатты уурдап алганы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, Биринчи май РИИБинин далил буюмдарды сактоого жооптуу кызмат адамы, милициянын старшинасы М.С. кармалган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.

"Ал далил катары табылган 33 килограмм 850 грамм “Гашиш” баңги затын уурдап алып, өзүнүн жасаган кылмышын жаап-жашыруу максатында уурдалган баңгизаттын ордун толуктоо үчүн башка төмөн сапаттагы 23 килограмм 624 грамм баңгизаты менен алмаштырып, жетпей калганын таш жана бетондун калдыктары менен толтуруп койгон", - деп айтылат маалыматта.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 286-беренесинин (“Баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды уурдоо же болбосо опузалап алып коюу”) жана 283-беренесинин (“Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо”) негизинде айыбы угузулуп, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна кароо үчүн жиберилгени кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан