Нарында 7-класстын окуучусун өзүнөн бир жаш улуулар көкөлөтүп ыргытышкан. Окуучу ооруканада

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда 7-класстын окуучусун өзүнөн бир жаш улуу балдар асманга көкөлөтүп ыргытып жатып, тосо албай калышкан. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 31-январь күнү Ак-Талаа РИИБине райондук ооруканадан билдирүү келип түшкөн. Анда Баетов айылынын тургуну 2009-жылы туулган К.Н. денесинен жаракат алып, тез жардам бөлүмүнө кайрылгандыгы айтылган.

Аталган окуя боюнча милиция ооруканага барган. Такталгандай, окуя ошол эле күнү болжол менен саат 13:00 чамасында болгон. Анда 7-класстын окуучусу К.Н. мектептен чыгып үйүнө кетип бара жатканда, 8-класстын окуучулары аны жерден көтөрүп эки колдоп асманга көкөлөтүп ыргытып кайра тосуп алгандарын, экинчи ирет ыргытканда ал жерге катуу түшкөндүгү белгилүү болгон.

Андан соң ал үйүнө баргандан кийин ооруканага жеткирилген. Аталган факты маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки териштирүү башталган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө аталган окуучу арыз жазуудан жана тиешелүү экспертизадан өтүүдөн баш тартып, эч кимге эч кандай арыз дооматы жок экендигин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан