Жалал-Абадда түн ичинде көчөдө жүргөн өспүрүмдөрдүн ата-энелерине айып салынды

Жалал-Абадда түнкү рейдден кийин 9 өспүрүм милиция бөлүмүнө жеткирилип, дайынсыз болуп жаткан 1 бала табылды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалымдалгандай, шаар аймагындагы көчөлөрдө саат 22:00дөн кийин чоң адамдардын коштоосу жок жүргөн жана компьютер клубдарында оюн ойногон 9 өспүрүм аныкталды.

Өспүрүмдөрдүн ата-энелерине Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 102-беренесинин (Ата-энелик милдеттерден качуу) негизинде протоколдор толтурулуп, 1000 сом өлчөмүндөгү айып салынган.

"Ошондой эле Ош облусунун Ноокат районунда үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жүргөн 1 өспүрүм табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди. Өз кезегинде табылган баланын атасы милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирди", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан