Абактагы Теңгиз Бөлтүрүктүн жакындары Садыр Жапаровго кайрылды

Абакта отурган Теңгиз Бөлтүрүктүн жакындары чындык издеп жатышканын айтып, өлкө башчы Садыр Жапаровго кайрадан кайрылуу жасашты.

Кайрылуусунда алар Теңгиз Бөлтүрүктүн Кумтөр маселесин чечүүдө салымы бар экенин белгилешти.

"Урматтуу Садыр Нургожоевич! 2022-жылдын сентябрь айында Генералдык прокуратура тарабынан кармалган «Кумтөр Голд Компанинин» мурдагы убактылуу башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктүн кылмыш иши туурасында сизге жана коомчулукка маалымат жеткизип коюуну туура көрдүк. Бүгүн Теңгиз Бөлтүрүктүн камакка алынганына 5 айдын тегереги болду. Коомчулукка жарыя кылуудан мурда, биринчи сизге социалдык тармак аркылуу кайрылууну туура көрдүк. Эмнеге дегенде, өлкө башчы катары сизге Кыргызстандын ар бир жаранынын тагдыры маанилүү эмеспи.

Белгилей кетчү нерсе, Кумтөрдү кыргыз элинин менчигине кайтаруудагы Сиздин опол-тоодой эмгегиңизди эч ким тана албайт, ошондой эле Кумтөр үчүн күрөшүп жүрүп, Сиздин үй-бүлөңүздөгү чоң жоготуулар да элдин эсинен кетпейт. Кумтөр үчүн күрөштө Сизге 1 миллиард доллар өлчөмүндөгү сунушту четке кагып, кыргыз элибиздин менчигине Кумтөрдү алып бергениңизди баары эле биле бербейт. Болбосо, 30 жылкы тарыхыбызда Кумтөрдү алууга канча жолу аракет болуп, бийлик жең ичинен олчойгон акчаны алып коюп, элдин алтынын канадалык көпөстөр жеп келгени да азыркы убакытта айдан ачык.

Аздыр-көптүр болсо да Теңгиз Бөлтүрүк сиздин командада иштеп калды, анын дагы кичине болсо да Кумтөр маселесин чечкенге салымы бар, ошондой эле Теңгиз Бөлтүрүк катардагы жаран гана эмес, мурдагы убактылуу башкаруучу. Эң оболу Теңгиз Бөлтүрүк күнөөгө коюп жаткан иш-аракеттерден бир да тыйын алган жокмун деп баса белгиледи жана бардык катачылыктар үчүн сизден кечирим сурап, мунун баары эң биринчи сиздин ишенимиңизди актоого багытталган анын шашма, туура эмес аракетинен келип чыкканын түшүндүрдү.

Ал эми Кумтөр айланасында президенттин жана анын командасында иштеген биздин кылган аракетибиз келечекте айтылат, эл, тарых баасын берет деди.

Урматтуу Садыр Нургожоевич! Биз жактоочу катары чындыкты аныктоодо болгон күчүбүздү жана тажрыйбабызды жумшап жатабыз. Айтып койчу нерсе, азыркы убакта Генералдык прокуратура тарабынан кылмыш иши дыкат изилденип, азыркы учурда ТОО “Apollo Resources” (Казакстан) тарабынан 137 миллион 568 миң 642 сом, ошондой эле ОсОО “ЦентралАзияМеталл” тарабынан 20 миллион сом төлөнүп берилди жана жакында да бул тармакта жаңылыктар болот.

Сизге жазган Теңгиз Бөлтүрүктүн катын өзгөртүүсүз жүктөйбүз. Мүмкүнчүлүк болсо бул ишти өзүңүздүн көзөмөлүңүзгө алууңузду өтүнөбүз. Андан улам сиз сөзсүз бир жыйынтык чыгарат деген ойдобуз", - деп жазылат кайрылууда.

Буга чейин Теңгиз Бөлтүрүктүн жактоочусу анын абактан жазган катын жарыялаган. Анда Теңгиз Бөлтүрүк Садыр Жапаровдон ырайым жана кечирим сураган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан