Балыкчы-Каракол жолунун жээгинен табылган жансыз дене: Окуянын чоо-жайы белгилүү болду

Балыкчы-Чолпон-Ата-Каракол автожолунан 25 метр аралыкта, Өрнөк айылынын күн батыш тарабында жансыз денеси табылган адамды өлтүрүүгө шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, маркумдун өлүмү жеке пикир келишпестиктен улам болгон.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө райондук милициянын кылмыш иликтөө кызматкерлери каза болгон адамдын ким экендиги аныкташкан. Ал Ысык-Көл районунун Тамчы айылындагы курулушта убактылуу иштеген Бишкек шаарынын 37 жаштагы тургуну Ч.Н. болуп чыккан.

Андан аркы жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында милиция кызматкерлери кылмышка шектүүлөрдүн изине чыгышып, аларды кармашты. Алар Ысык-Көл районунун Сары-Камыш айылынын тургундары 27 жаштагы И.Б., 28 жаштагы К.Ж., 24 жаштагы Ж.А. жана 28 жаштагы К.К. болуп чыгышты.

Алдын ала суракта, шектүү катары кармалган жарандар жасаган кылмышы үчүн өздөрүнүн күнөөлөрүн толугу менен моюнуна алышты.

Шектүүлөрдүн айтымында, маркум менен 27 жаштагы И.Б.нын ортосунда жеке пикир-келишпестик мамиле түзүлгөн. Натыйжада, 13-март күнү И.Б. достору менен маркумду курулуштан чакырып, андан кийин аны автоунаа менен Өрнөк айылына алып барып, ал жерден сабап өлтүрүшкөн.

Учурда бул кылмышка шектүү катары кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары уланууда.

Эске салсак, 15-мартта Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы Балыкчы-Каракол унаа жолунан 25 метр алыстыкта, Өрнөк айылына жакын жерде белгисиз адамдын жансыз денеси табылгандыгын билдирген.

Ошондой эле облустук милиция табылган жансыз дененин өздүгү аныкталбай жатканын айтып, коомчулуктан жардам сураган.

Кийинчерээк SUPER.KG порталына өздүк булактар тарабынан маркумдун ким экени аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан