"Жогорку кызматтагылардын жакындары бар". Бажы кызматынын 6 кызматкери кармалды. Ташиев бул ишти өз көзөмөлүнө алды

Товарларды “жашыруун транзиттөөгө” тиешеси бар бажы кызматынын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, бажы кызматынын кээ бир кызмат адамдары тарабынан жеке компаниялар менен сүйлөшүп алып, текшерүү функцияларына жана ыйгарым укуктарына таянып, мыйзамсыз материалдык жана башка пайда көрүү максатында жашыруун транзиттик жолу менен Кытайдан товарларды системалуу түрдө мыйзамсыз ташып келүү боюнча туруктуу каналды уюштуруп алган коррупциялык схеманын бети ачылды.

"Айрым компаниялар мамлекеттик бажы кызматынын кызмат адамдарынын колдоосун пайдаланып, Кытайдан Кыргызстан аркылуу Өзбекстанга" транзиттик жүктөрдү жиберип турушкан. Бирок, товарлар Кыргыз Республикасынын аймагына бажылык тариздөөсүз түшүрүлүп, жасалма бажы декларациясы жана бажы идентификациялоо каражаттары менен пломбаланган бош жүк ташуучу унаалар Өзбекстанга кирип турган.

Бул кылмыш иши боюнча 16-17-март күндөрү Мамлекеттик бажы кызматынын 6 жооптуу кызматкери жана жеке компаниялардын 3 өкүлү кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Алдын ала маалыматтар боюнча, бул иште келтирилген зыян 1 миллиард сомго жакын болушу мүмкүн", - деп билдиришти УКМКдан.

Белгилей кетсек, кармалган мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери менен жеке компаниялардын өкүлдөрүнүн арасында жогорку кызматтагы адамдардын жакындары бар.

"Бул факты боюнча акыркы күндөрү өлкөнүн социалдык мессенджерлеринде “Башкы прокуратурасы менен УКМКнын тиреши тууралуу” делген ишенимсиз маалыматтар тарай баштады. Буга байланыштуу УКМК коомчулукка Башкы прокуратура менен эч кандай тирешүү жок жана болушу мүмкүн эместигин маалымдайт. Бардык тергөө аракеттерине Башкы прокуратура тарабынан ыйгарым укук берилген жана процессуалдык көзөмөлүндө. Учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо, келтирилген зыяндын так көлөмүн аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары уланууда", - деп кошумчалашты УКМКдан.

Бул кылмыш иши боюнча тергөө иштери УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жеке көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан