Кара-Балтада поезд адамды сүзүп кетти

Кара-Балта шаарында поезд адамды сүзүп кетти. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдиришти.

Маалымдалгандай, окуя 21-мартта саат 19:55те Бишкек-Кайыңды багытынын 3718-чакырымында орун алган.

Темир жолдогу адам поезддин үн сигналына эч кандай маани берген эмес.

"Аралыктын аздыгынан кырсыкты алдын алууга мүмкүн болгон жок. Окуядан кийин укук коргоо органдары жана "Тез жардам" кызматы чакыртылган. Жабырлануучу ооруканага жеткирилди”, - деп айтылат билдирүүдө.

“Кыргыз темир жолу” аталган жол үн (сиреналык) жана жарык (светофор) сигналдары менен жабдылганын, мындан тышкары өтмөккө поезд жакындаганда шлагбаум жабыларын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан