Бишкекте Сайпидин кызы Бурулай изделип жатат

Бишкекте Сайпидин кызы Бурулай 14-марттан бери изделип жатат. Бул тууралуу Свердлов РИИБинен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, милицияга анын жолдошу арыз менен кайрылган. Анда 31 жаштагы келинчеги 14-мартта Сүйүмбаев көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келбегенин айтып, көмөк сураган.

Аталган факты маалыматтар журналына каттоого алынып, издөө иштери башталган.

Өзгөчө белгилери: Бою 160-165 сантиметр, арык чырай, кара тору, көзү кара.

Кийген кийимдери: башында кызыл же кара түстөгү жоолук, кара түстөгү жемпир, бүт кийими да кара түстө болгон.

Сүрөттөгү жаранды көргөндөр болсо төмөнкү номерлерге кайрылса болот: 0(557) 11-94-10, 0(701) 28-28-19, 0(702) 49-88-88 же 102.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан