Жалал-Абад шаарында Орозо айына карата бир нече кичи автобус жүргүнчүлөрдү акысыз тейлейт. Бул тууралуу шаардык мэрияга караштуу Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинен билдиришти.
Белгилүү болгондой, эртең, 24-марттан тарта калаадагы №101, 104, 103,105, 109, 110 маршруттук каттамдарында бирден кичи автобус жүргүнчүлөрдү акысыз ташыйт.
Аталган кичи автобустарда "Орозоңуз кабыл болсун. Орозо айынын урматына жол акы алынбайт!" деген жазуу илинген.