Боомдо кайрадан өрт чыкты (видео)

Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок-2 айылындагы ачык аянтта кайрадан өрт чыкты. ӨКМ берген маалымат ылайык, өрт бүгүн, 25-март саат 11:20 чамасында тутанган.
Жеринде өрттү өчүрүүгө жалпы 4 күжүрмөн эсеп тартылды. Мындан сырткары Токой чарбасынан 10 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 15 адам, Тоң райондук РИИБнен 12 кызматкер өрт өчүрүү ишине көмөк көрсөтүүдө.
Ошондой эле абалды ыкчам жөнгө салуу максатында саат 12:02де ӨКМге караштуу ККББнын ыкчам тобу тартылды.
Алдын ала маалымат боюнча өрттүн жалпы аянты болжол менен 5 сотыхты түзөт.
Маалымат үчүн: Аталган аймакта 24-март күнү өрт чыгып, анын жалыны болжол менен 50 гектардай аянтты каптаган. Өрт толугу менен саат 21:30да өчүрүлүп, кайрадан өрт чыгып кетүүсүн көзөмөлгө алуу максатында жеринде нөөмөт уюштурулган.
Кошумча маалымат берилет.
Боомдо кайрадан өрт чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан