Ак жол сага, бүтүрүүчү! Бишкекте 11-классты 8111 окуучу аяктады

Бишкектин мектептеринде 9-классты 15 миң 688 окуучу жана 11-классты 8 миң 111 окуучу аяктады. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 25-майда борбор калаанын бардык мектептеринде окуу жылынын аякташына карата салтанаттуу иш-чаралар өттү.

Рухий-Мурас жаңы конушундагы №100 мектепте акыркы коңгуроого арналган салтанаттуу аземге борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров катышты.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында атайын аттестат алуу укугун тастыктаган бүтүрүүчүлөрдүн өсүү динамикасы байкалууда, андыктан 262 абитуриенттин ичинен 55 окуучу билимин тастыктап, 20,6 пайызды түздү. Жалпысынан республика боюнча өзгөчө үлгүдөгү күбөлүктөрдүн 32,9 пайызын Бишкек шаары алат.

Быйылкы окуу жылында өткөн жылга салыштырмалуу абитуриенттердин саны 8,3 пайызга же 23 окуучуга көп болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан