Индия: Салмагы нормадан ашкан полиция кызматкерлери жумуштан кетиши мүмкүн

Индиянын Ассам штатынын полиция бөлүмү кызматкерлерине үч ай ичинде арыктоосун же кызматтан кетүүсүн талап кылууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, август айына чейин мамлекеттик полиция кызматкерлеринин дене салмагынын индекси жазыла баштайт. Анда салмагы нормадан ашкан кызматкерлер ноябрь айына чейин салмагын азайтуусу же өз каалоосу менен пенсияга чыгуусу керек. Дене салмагынын индекси 30дан ашпоосу, тагыраагы, бою 180 сантиметрге 98 килограмм салмак туура келиши шарт. Ал эми ден соолугуна байланыштуу семирүүгө дуушар болгондор аталган талаптан бошотулат.

Жетекчиликтин берген маалыматына караганда мындай чечим акыркы 18 ай ичинде жүрөк оорусу жана кант диабетинен каза болгон кызматкерлердин санынын өсүшү менен байланыштуу. Мындай талап аркылуу полиция жетекчилиги кызматкерлеринин санын сактап калууга аракет кылып жатканы айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан