Азия оюндары: Кыргыз курамасы спорттун 25 түрүнөн катышат. Ага 35 миллион сом бөлүндү

Кытайдын Ханчжоу шаарында өтө турган 19-жайкы Азия оюндарына Кыргызстан спорттун 25 түрү боюнча катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Азия оюндарынын программасына жалпы 40 спорттун түрү боюнча мелдештер киргизилген. Анда Кыргызстан спорттун 25 түрүнөн (бокс, сууда сүзүү, ок атуу, жаа атуу, дзюдо, оор атлетика, күрөш түрлөрү(грек-рим, эркин, кыз-келиндер күрөшү) каратэ, фехтование, жеңил атлетика, каное жана байдаркада сүзүү, заманбап спорттун беш түрү, таэквондо WT , триатлон, волейбол, футбол, кураш, шахмат,джиу-джитсу, кибер спорт, гимнастика, баскетбол 3х3, ушу саньшоу, спорттук ат оюндары) боюнча катышат.

Ошондой эле өлкөдөн жалпы 200дөн ашык адам барат. Алардын ичине 180ден ашык спортчу, 56 машыктыруучу, медицина кызматкерлери, пресса жана делегациянын өкүлдөрү да кирет.

Белгилей кетсек, бюджеттен Азия оюндарына 35 миллион сом каралган. Учурда аккредитация иштери жыйынтыкталып калды.

Эске салсак, Азия Оюндары 1951-жылдан бери 4 жылда бир өткөрүлүп келет. Ал Азия чөлкөмү үчүн маанилүү спорттук иш-чаралардын бири болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан