Санкт-Петербургда терезеден 2 жаштагы бала кулап кетти.
Окуя Пискарев проспектинде болгону маалымдалды. Эки жашар бала терезеге чыгып, 10-кабаттан түшүп кеткен. Натыйжада жабырлануучу оор жаракат алып, аны сактап калууга мүмкүн болгон эмес.
Ата-энеси баланын терезеге чыкканын байкабай калышкан. Алар 33 жаштагы жарандар. Күйөөсү техник, аялы медайым болуп эмгектенет.
Учурда кылмыш ишин козгоо маселеси каралып жатканы айтылды.