"Реал Мадрид" клубу бир күндө үч оюнчусу кеткенин жарыялады

Испаниянын "Реал Мадрид" футболдук клубу бир күндө үч оюнчусу клубдан кеткенин жарыялады.

Жарым коргоочу Марко Асенсио жана чабуулчу Мариано Диас клубдан кетишти. Алдыда Эден Азардын кетиши да расмий түрдө жарыяланды, ал 30-июндан тарта "Реал Мадриддин" оюнчусу болбой калат.

Марко Асенсио 2015-жылдан бери "Реалдын" курамында. Ал мадриддик клубда жалпы 285 беттеш өткөрүп, 61 гол киргизип, 32 жолу голдук пас берген. Мариано Диас мадриддик клубда 2011-жылдан бери ойноп келет. Негизги команда үчүн ал 84 беттеш өткөрүп, 12 гол киргизип, 3 жолу голдук пас берген.

Ал эми Эден Азар 2019-жылы "Реалга" өткөн. Ал бул клубда 76 беттеш өткөрүп, 7 гол киргизип, 12 жолу голду пас чыгарып берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан