Бүгүн, 4-июнда Бишкекте дүйнөлүк рейтингдик турнирдин акыркы күндүк беттештери өтүүдө.
Бүгүнкү беттеш эркектер арасында эркин күрөш боюнча өтүүдө. Анда балбандар алгачкы беттештерин өткөрүп, алардын арасынан финалга чыккандары аныкталды.
Рейтингдик турнирде 5 кыргыз балбаны финалга чыкты. Алар: Алмаз Сманбеков - Бекзат Алмаз уулу (57 килограмм);
61 килограмм: Тайырбек Жумашбек уулу (Кыргызстан) - Шота Партенадзе (Грузия)
65 килограмм: Алибек Осмонов (Кыргызстан) - Тимур Очир Тулга (Монголия);
70 килограмм: Орозобек Токтомамбетов (Кыргызстан) - Талгат Сырбаз (Казакстан).
Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө башталат.