Бишкекте өткөн UWW рейтингдик турниринде кыргызстандык балбан Алмаз Сманбеков алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Алмаз Сманбековдун атаандашы кыргызстандык балбан Бекзат Алмаз уулу болду.
Спортчулар 57 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашты. Алмаз Сманбеков 6:1 эсебинде жеңишке жетти.