Атактуу футболчу Златан Ибрагимович карьерасын жыйынтыктады. Бул тууралуу оюнчу Италия чемпионатынын жыйынтыктоочу турунда күйөрмандары менен коштошуп жатып билдирди.
Ибрагимович учурда 41 жашта, ал 2020-жылдан бери италиялык “Милан” клубунда оюн көрсөтчү.
Буга чейин шведдик коргоочу 2010-2012-жылдары да “Милан” клубунда оюн көрсөткөн. Ал аталган клуб менен эки жолу Италия чемпиондугун (2011,2022) жана Италия Суперкубогун (2011) жеңип алган.
Белгилей келсек, Ибрагимович Златан карьерасын 1999-жылы баштаган. Ал “Миландан” сырткары «Мальма», «Аякс», «Ювентус», «Интер», «Барселона», «ПСЖ», «Манчестер Юнайтед», «Лос-Анджелес Гэлакси» сыяктуу бир нече клубда оюн көрсөткөн. Ал эми Швеция курамасында 122 жолу оюн талаасына чыгып, 62 гол жараткан. Шведдик футболчу жалпы карьерасы боюнча 34 кубок уткан.