БШК Дамира Ниязалиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди

Бүгүн, 5-июнда Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда Ленин бир мандаттуу округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дамира Ниязалиеванын каттоосу жокко чыгарылды.

Анда БШКнын мүчөлөрү бир добуштан Ниязалиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова талапкер бул чечим менен макул болбосо сотко даттанууга укуктуу экенин белгиледи.

Буга чейин 30-майга караган түнү Ленин бир мандаттуу округу боюнча кезексиз шайлоодо эң көп добуш алган Дамира Ниязалиеванын шайлоо штабында укук коргоо органдары тинтүү иштерин жүргүзүп, штабдын эшигин жаап, мөөр басып кеткен.

Белгилей кетсек, 28-майда Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына кезексиз шайлоо өтүп, анда алдын ала маалыматтар боюнча Дамира Ниязалиева жеңишке жеткен. Ал 6 249 добуш (35,86 пайыз) алган.

БШК 05.06.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан