Депутат Бактыбек Чойбеков Таласта алдыңкы окуучуларга акчалай стипендия берди (сүрөт)

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Чойбеков Талас облусунун алдыңкы окуучуларына стипендияларды ыйгарды. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда парламенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, эл өкүлү өзү негиздеген “БилимТал” коомдук бирикмесинин “Мыкты окуучу - 2023” стипендиялык кароо-сынагынын жыйынтыктоочу иш-чарасына катышып, 2022-2023-окуу жылында өзгөчөлөнгөн Талас облусунун окуучуларына сыйлыктарды тапшырган.

Стипендиялык кароо-сынактын жеңүүчүлөрү Ардак грамота, “Мыкты окуучу - 2023” атайын төш белгиси жана акчалай стипендия менен сыйланышты.

"Сыйлык алган окуучуларды куттуктап жатып эл өкүлү билим алуунун маанилүүлүгүн баса белгилөө менен, окуучуларды шыктандыруучу ушул сыяктуу иш-чаралар мындан ары да улантыла тургандыгын билдирди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан