Сокулук районундагы мектепти курууда мыйзам бузуулар аныкталды

Сокулук районундагы мектепти курууда мыйзам бузуулар аныкталды. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматка караганда, өткөн жылы сентябрь айында Өкмөттүн алдындагы Курулуш жана аймактык өнүгүү боюнча мамлекеттик агенттигинин турак жай курулуш департаменти менен “Строй ТЭКС” ЖЧКсынын ортосунда келишим түзүлгөн. Мындан улам жогоруда аталган ишкана Военно-Антоновка айылындагы 700 орундуу мектепти куруп, пайдаланууга берүү милдетин алган. Курулуш иштеринин жалпы суммасы 154 миллион сомдон ашык каражатка бааланган. 

Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн Өкмөттүн алдындагы Курулуш жана аймактык өнүгүү боюнча мамлекеттик агенттигинин турак жай курулуш департаменти “Строй ТЭКС”  ишканасына 9 миллион 309 миң сом бөлүп берген. Бирок бул каражатка ноябрь айынын аягына чейин болгону 7 миллион сомдук гана жумуш аткарылган. Учурда курулуш аянтынын аймагы гана курчалып, курулуштун пайдубалын куруу үчүн казылган чоң чуңкур даярдалып, пайдубалдын айрым бөлүгү эле салынган.

Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси (Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу жана сарптоо) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан