Борбор калаада 11 ай ичинде
балдардын катышуусунда 477 жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин
Жол-кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 1 жылга
жетпеген убакытта дөңгөлөктүн астынан каза тапкан балдардын саны 10 жана
жаракат алгандардын саны 506ны түзгөн. Аталган фактылар боюнча бардык кылмыш
иштери Шаардык ички иштер башкы башкармалыгына өткөрүлүп берилген.