Этти керектөө күндүн глобалдык ысышына кандай таасир тийгизет?

Учурда биздин жашоо мүнөзүбүз жана тамактануу адаттарыбыз айлана-чөйрөгө жана ден соолугубузга олуттуу таасир тийгизип жатканы барган сайын айкын болуп калды. Бул макалада этти керектөө климатка жана адамдын бакубатчылыгына кандай таасирин тийгизээрине сереп жасайбыз.

Эт жана парник эффектиси

Уйлар бизди эт жана сүт азыктары менен камсыз кылат, бирок алар парник газдарынын, айрыкча метандын олуттуу булагы болуп саналат. Метан уйдун кыгынан жана уйлардын тамак сиңирүү процессинде бөлүнүп чыгат. Бул газ парник эффектисин түзүүдө көмүр кычкыл газынан кийинки экинчи орунда турат, ал климаттын өзгөрүшүнө жана глобалдык жылуулукка олуттуу салым кошкон газдардын бири. “Гринпистин” маалыматына ылайык, айыл чарбасы глобалдык парник газдарынын бөлүнүп чыгышынын болжол менен 24% бөлүп чыгарат, анын 14% мал чарбачылыгына туура келет. Эгерде мындай көрүнүш улана бере турган болсо, 2050-жылга карата көрсөткүчтөр 50 пайызга жетет деп күтүлүүдө.

Эт жана айлана-чөйрөнүн булганышы

Парник газдарын бөлүп чыгаруудан тышкары, эт индустриясы айлана-чөйрөгө да олуттуу таасирин тийгизип жатат. Дүйнө жүзү боюнча адамзатты эт жана сүт азыктары менен камсыз кылуу үчүн көп сандагы мал талап кылынат. Малга тоют камдоого да көп сандагы жер, суу жана энергия керек. Бул болсо жайыттарды бөлүп берип, тоют өсүмдүктөрүн өстүрүү үчүн токойлорду кыюуга алып келүүдө, натыйжада биологиялык көп түрдүүлүк жоголуп, экосистемалар бузулуп жатат. Мындан тышкары, жаныбарлардын калдыктары жана химиялык жер семирткичтерди колдонуу суу жана аба ресурстарынын булганышына алып келип, экологиялык тең салмактуулукка коркунуч жаратууда.

Ден соолук жана рацион

Айрыкча жашылча-жемиштерди аз жеп, бирок малдын этин ашыкча керектөө ден соолукка байланыштуу ар кандай көйгөйлөргө алып келиши мүмкүн экендигин эстен чыгарбаш керек. Окумуштуулар этти ашыкча керектөө менен салмак кошуунун ортосунда байланыш бар болгонун аныкташты, бул өз кезегинде кант диабети жана жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыгуу тобокелдигин жогорулатат.

Бир күн эттен баш тартуу: климат жана ден соолук үчүн пайда

Этти керектөөнүн климатка жана ден соолукка тийгизген терс таасирин азайтуунун бир ыкмасы – аптада бир күн эттен баш тартуу. Мындай ыкма айлана-чөйрөгө оң таасирин тийгизип, ресурстарды керектөөнү, парник газдарын бөлүп чыгарууну жана жаратылышка терс таасирин азайтышы мүмкүн. Мындан тышкары, бул мөмө-жемиштерге, жашылчаларга жана башка аш болумдуу өсүмдүк азыктарына бай тең салмактуу тамактанууга шарт түзөт.

Бир күндүк чара эч нерсени өзгөртпөйт деп ойлошуңуз мүмкүн. Бирок “Гринпистин” изилдөөсүнө ылайык, бир адам бир күн бою эт жебестен атмосферага 2,78 кг көмүртектин бөлүнүп чыгышын алдын алат экен.

Айрыкча чоң масштабда өндүрүлгөн эт климатка, айлана-чөйрөгө жана ден соолукка олуттуу таасирин тийгизет. Туруктуу жана тең салмактуу тамактанууну тандоо планетабызга жана органзимге пайдалуу болушу мүмкүн. Этсиз бир күн практикасын киргизүү – бул этти керектөөнүн терс таасирин азайтуунун жана айлана-чөйрөгө гана эмес, ден соолукка да пайда алып келүүнүн бир жолу. Этти керектөөгө карата аң-сезимдүү чечимдерди кабыл алуу менен биз климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө салым кошуп, бардыгы үчүн туруктуу келечекти түзө алабыз.

#ЭкоЖаша

“Курама Стори Лаб” коомдук фонду “ЭкоЖаша” маалыматтык өнөктүгүн жана анын алкагында конкурсту өткөрүү демилгесин көтөрдү. “Курама Стори Лаб” буларды Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырууда.

Ар бир адам бул конкурстун маңызын таба алат. Анын үстүнө бул биздин планетабыз үчүн пайдалуу бир иштерди чогуу жасоонун жөнөкөй жана кызыктуу жолу. Конкурс 14-июндан 30-июнга чейин созулат.

Экологияга байланыштуу окуяңызды, сүрөтүңүздү же видеоңузду социалдык тармактарда бөлүшсөңүз болот. Бул бак-дарак отургузган акцияда тартылган сүрөт болушу ыктымал, же таштандыны кантип сорттоп жатканыңыз тууралуу окуя менен бөлүшө аласыз, же экологиялык демилгелериңиз тууралуу баяндаган тасма болушу мүмкүн.

Конкурска катышуунун шарттары:

1. Инстаграмдагы баракчаңызда экологияга байланыштуу окуя, сүрөт же видео менен бөлүшүңүз;

2. #ЭкоЖаша #EcoJasha деген хэштегдерди колдонуп, постто @kuramastory деп белгилеп коюңуз;

3. Профилиңиз ачык болушу керек.

“ЭкоЖаша” долбоорунун өнөктөшү, Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги байгелерди ойноткон маалда бардык шарттарды аткарган жигердүү катышуучулар баалуу жана пайдалуу нерсени утуп алууга мүмкүнчүлүк алышат.

Июнь айынын ичинде @kuramastory баракчаларында жана ЖМКда өлкөбүздүн булуң-бурчунда жашап, глобалдык климаттык кризисти чечүүгө өз салымын кошуп жаткан мыкты адамдардын окуялары жарыяланып турмакчы. Бул адамдардын мисалдары көпчүлүгүбүздү шыктандырып, күч-аракетибизди бириктирип, климаттын өзгөрүүсү сыяктуу коркунучтун мизин кайтара алабыз деп үмүттөнөбүз.

Биз, адамдар, жаратылыштын жана анын циклдеринин бир бөлүгү болуп саналабыз. Экосистемага тийгизип жаткан таасирибиз күнүмдүк жашообузда да олуттуу из калтырууда. Кадыресе жашообузда деле оң өзгөрүүлөрдү жасай алабыз. Анда эмесе, планетабыздын жаркын келечегин чогуу түптөп көрбөйлүбү!

“Курама Стори Лабдын” социалдык тармактардагы маалымат өнөктүгүнө кошулуңуз!

Инстаграм: https://www.instagram.com/kuramastory/

Фейсбук: https://www.facebook.com/profile.php?id=100076214776430

Ютуб: https://www.youtube.com/@eco312

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан