Чоң-Кемин: климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшкөн элеттик жамаат

Чоң-Кемин – Кыргызстандагы чакан элеттик жамаат, мында жергиликтүү тургундар климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу боюнча жигердүү чараларды көрүп жатышат. Бул кыймылдын катышуучусу, элеттик ден соолук комитетинин ыктыярчысы Аида Ибраева.

Чычырканакты жаратылышты жана ден соолукту сактоо үчүн отургузуу

Аида менен бирге, Тар-Суу жана Шабдан айылдарынан 20 аялдан турган топ түзүлгөн. Бул топ “Илбирс” фондунун колдоосу менен 1 гектар жерге чычырканактын көчөттөрүн отургузушкан. Чычырканак жаратылыш жана ден соолук үчүн баалуу болгондуктан гана эмес, токойдогу жапайы чычырканакты кыйып, токойлуу жерлердин жок кылынышына жооп катары тандалып алынган. Эми жергиликтүү тургундар чычырканакты өздөрү өстүрүп, айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин азайта алышат.

Токойдо жапайы чычырканакты кыйып, токойду жок кылгандын ордуна чычырканакты өзүбүз отургузуп, колдонсок болот”, – деди Аида Ибраева.

Балчылык жана балык өстүрүү: киреше табуунун альтернативалык түрлөрү

Аида жана жергиликтүү тургундар климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу үчүн жашоо калыбын да өзгөртүү багытында чараларды көрүштү. Алар малдын санын азайтып, көпчүлүгү аары багууга жана балык өстүрүүгө өтүштү.

Биз саан уйубузду гана калтырып, калган малдын башын кыскартып, көбүбүз аарычылыкка жана балык өстүрүүгө өттүк. Жолдошум үч жылдан бери бал челектери менен алектенет. Адегенде 10 челектен баштаганбыз. Бал челекти кармоо мал бакканга караганда оңой экен: аарыларга тоют камдабайсың, чөп жыйнабайсың, артынан ээрчип, көз салып турбайсың. Кышында аарылар жылуу контейнерде укташат. Аларга аяр мамиле жасаш керек”, – деп бөлүштү Ибраева.

Аарылар экосистеманы сактоодо жана өсүмдүктөрдү чаңдаштырууда маанилүү ролду ойношот, бирок глобалдык жылуулук алардын популяциясынын азайышына алып келүүдө. Ошондуктан, Аида жана анын күйөөсү аарыларга жакшы шарттарды түзүп берип, аларды сактап калууга салым кошууну чечишкен.

“Шумкар-Тор” бирикмеси: биологиялык көп түрдүүлүктү сактоо

Чоң-Кеминде климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу балчылык менен гана чектелип калган жери жок. Жергиликтүү тургундар “Шумкар-Тор” деген аталыштагы уюмду уюштуруп, көптөгөн жаныбарлардын түрлөрүн сактап калууга жана санын көбөйтүүгө жардам берген корук түзүштү. Эми дыйкандардын талааларында кыргоолдор учуп жүрүшөт, алар зыянкечтер менен күрөшүүгө абдан жакшы жардам берүүдө. Корукту кыргоолдордон тышкары бугулар, аюулар, ак илбирстер жана башка көптөгөн жаныбарлар байырлайт.

Аида айлана-чөйрөнүн жана жаныбарлар дүйнөсүнүн байлыгын сактоо канчалык маанилүү болгонун баса белгилейт: “Эгерде биз чычырканакты кыйып, токойду жок кылсак, кыргоол, экилик, чил сыяктуу сейрек кездешүүчү канаттуулардын түрлөрүн такыр эле жоготуп алышыбыз ыктымал.” Ошондуктан Чоң-Кеминдин айыл тургундары жамааттарга биригип, климаттын өзгөрүшүнө биргелешип ыңгайлашып жатышат. Алар жаратылышты жана биологиялык көп түрдүүлүктү сактоо алардын бакубат жашоосунун жана келечек муундун кепилдиги экендигин баамдашат.

Башка жамааттар үчүн шыктандыруучу мисал

Чоң-Кеминдин жана Аида Ибраеванын окуясы – бул жергиликтүү тургундар климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштө кантип маанилүү салым кошо алаары жөнүндө окуя. Көлөмүнө жана ресурстарына карабастан, элеттик жамааттар айлана-чөйрөнү коргоп, айыл чарбасынын туруктуу системаларын түзүү боюнча чараларды көрө алышат. Планетабызды сактап калууга жана келечек муундардын бакубаттуулугун камсыз кылууга ар бир адам өз салымын кошо ала тургандыгын көрсөтүү менен Чоң-Кемин башка жамааттар үчүн шыктандыруучу мисал болуп калды.

#ЭкоЖаша

“Курама Стори Лаб” коомдук фонду “ЭкоЖаша” маалыматтык өнөктүгүн жана анын алкагында конкурсту өткөрүү демилгесин көтөрдү. “Курама Стори Лаб” буларды Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырууда.

Июнь айынын ичинде @kuramastory баракчаларында жана ЖМКда өлкөбүздүн булуң-бурчунда жашап, глобалдык климаттык кризисти чечүүгө өз салымын кошуп жаткан мыкты адамдардын окуялары жарыяланып турмакчы. Бул адамдардын мисалдары көпчүлүгүбүздү шыктандырып, күч-аракетибизди бириктирип, климаттын өзгөрүүсү сыяктуу коркунучтун мизин кайтара алабыз деп үмүттөнөбүз.

Биз, адамдар, жаратылыштын жана анын циклдеринин бир бөлүгү болуп саналабыз. “Адам табиятты изилдеп, аны багындыра алды” деп ойлогон күндө да, биз жаратылыштан абдан көз карандыбыз. Экосистемага тийгизип жаткан таасирибиз күнүмдүк жашообузда да олуттуу из калтырууда. Бирок жашаган жерибизде, кадыресе жашоодо да оң жылыштарга жетүүгө болот. Чакан иштер деле жаратылыштын абалын жана планетадагы жашообузду жакшыртууга салым кошо алат. Анда эмесе, чоң жана мээримин аябаган үйүбүз – планета үчүн жакшы иштерди чогуу жасап көрбөйлүбү!

“Курама Стори Лабдын” социалдык тармактардагы маалымат өнөктүгүнө кошулуңуз!

Инстаграм: https://www.instagram.com/kuramastory/

Фейсбук: https://www.facebook.com/profile.php?id=100076214776430

Ютуб: https://www.youtube.com/@eco312

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан