Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Чүй облусундагы
райондук аскер комиссариатында коррупциялык кылмыш фактысын аныктаган. 12-декабрдагы
ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, укук коргоо органдарына аскер
билети үчүн 6000 сом талап кылган кызматкердин үстүнөн арыз түшкөн.
Ыкчам-иликтөө тобунун иш-чараларынын негизинде 4000 сом пара алып жаткан
жеринен Жайыл райондук аскердик комиссариатынын кызматкери кармалды. Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза
кодексинин 313-беренесине (пара талап кылуу) ылайык кылмыш иши козголду.
Иликтөө иштери жүрүүдө.