Үстүбүздөгү жылдын 10-декабрында болжол менен саат 00:30дар чамасында Шопоков шаарынын 27 жаштагы тургунуна кол салуу болгон. Маалыматка караганда, жабырлануучу таксист болуп иштечү. Ошол күнү аны эки белгисиз адам жалдашып, белгиленген жерге жеткизип коюусун өтүнүшкөн. Таксист айтылган дарекке жеткиргенде артындагы эки жүргүнчү аны моюн жакка бычак менен сайышкан. Андан соң алар таксисттин унаасын айдап качып кетишкен.
Чүй ОИИББинин маалыматына ылайык, окуядан көп өтпөй кылмышка шектелип 17 жаштагы Ш.Александр, 20 жаштагы Б.Николай кармалышкан. Учурда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (Тоноо) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.