Ош шаардык ички иштер бөлүмүнүн Ак-Буура милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан белгисиз дарыны колдонуп тоноо иштерин жасап жүргөн аялды колго түшүрүштү. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Кылмышка шектелген аял 1968-жылы туулган, Араван районунун тургуну жана мурда 3 жолу соттолгон Санабархон Калбекова экени маалым болду. Учурда кармалган аял убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат. Текшерүү учурунда С.Калбекованын ич кийиминен 244 таблетка дары табылып, атайын текшерүүгө жөнөтүлдү. Аны кылмышка шектүү “димедрол” экендигин айткан.