Эдил Байсаловду кызматтан алуу маселеси парламентте кайрадан көтөрүлдү

Бүгүн, 6-сентябрда парламенттин жыйыны учурунда вице-премьер-министр Эдил Байсаловду кызматтан алуу маселеси кайрадан көтөрүлдү. Анда эл өкүлү Эрулан Кокулов Байсаловдун парламентти сындаган видеосун көрсөттү.

Өз кезегинде Шайлообек Атазов Байсаловду кызматтан алуу тууралуу үч фракция чечим кабыл алып президентке сунуштама бергенин, дагы деле жыйынтык чыкпай атканын айтып, нааразычылыгын билирди.

"Эгерде 3 фракциянын сунушу менен вице-премьер министр отставкага кетпесе, анда парламент кетиши керекпи? Парламенттин кадырынан бир вице-премьердин кадыры жогору турабы?", - деди Атазов.

Ал эми төрага Нурланбек Шакиев Байсаловдун кызматы боюнча маселе дагы деле күн тартибинде турганын билдирди.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 22-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар президентке министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду кызматынан бошотуу сунушун жөнөткөн. Мындай демилге "Ата-Журт Кыргызстан", "Ишеним" фракцияларынын жана "Мекенчил" депутаттык тобу тарабынан парламентке сунушталган болчу.

Кошумчаласак, Эдил Байсалов 2021-жылы 13-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасынын социалдык маселелер боюнча орун басары болуп дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан