Эртең, 19-сентябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жана тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй аймагында түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26 градус,
Талас жергесинде түнкүсүн +4…+9, күндүз +20…+25 даража жылуу болот.
Баткен, Ош, Жалал-Абад өрөөндөрүндө түнкүсүн +11…+16, күндүз +25…+30,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23 болсо,
Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +21…+26га чейин жетет.
Борбор калаа Бишкекте түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт, түштөн кийин өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +24…+26 градус болот.