"Ири суммада акча талап кылган". Бишкек шаардык сотунун судьясы кармалды

Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери боюнча коллегиясынын судьясы опузалап акча талап кылганга шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Бишкек шаардык сотунун айрым судьялары каралып жаткан кылмыш ишинин алкагында эркинен ажыратуу менен байланышпаган оң чечим чыгарып берүү үчүн жактоочунун ортомчусу аркылуу соттолуучунун жакын туугандарынан опузалап 5 миң доллар (443 500 сом) өндүрүп алышкан.

"Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында, соттордун кылмыштуу иштерине “ишенимдүү” адвокаттар тартылганы аныкталды. Ошондой эле судьяга акча каражаттарын берүүнүн алдында жактоочунун жанында мурда даярдалган (адалдоого алынган) каражаттар болушу керек болчу, алар соттук коллегияга кирген экинчи инстанциянын судьяларынын ортосунда бөлүштүрүлгөн. Адвокат судьялар менен алдын ала макулдашылып, анын кылмыштуу аракеттерин жашырып жүргөн",-деп айтылат маалыматта.

Бүгүн, 27-сентябрда Бишкек шаардык сотунун И.Н. аттуу судьясы Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 26-ноябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Мекемеден билдиришкендей, бул коррупциялык схемага тиешеси бар Бишкек шаардык сотунун башка судьяларынын жогоруда көрсөтүлгөн фактылар боюнча кылмыш иштеринин далил базасын бекемдөө боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан