"Лично" сиз менен маселем жок ". Икрамов жаңы келген депутатты кесиптештерине сын айтпоого чакырды 

Бүгүн, 27-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Өмүрбек Бакировдун ордуна келген Равшанбек Рысбаев депутат Талант Мамытовдун ага асылбай жүрүшүн талап кылды.

Рысбаев мыйзам таласында адилеттүүлүк болгону үчүн Бакиров мандатын тапшырууга аргасыз болгонун айтты.

"Бул сот процесси эки жылдан бери созулуп келе жатат. Аны Мамытов жакшы билет. Ал Бакировду шайлоодо добуш сатып алуу менен кармалып, кылмыш иши козголгон жеринен колунан жетелеп, 7-кабатка жанына алып келип отуруп алган. Элибизде "ээси келсе бээсин бер" деген жакшы сөз бар. Мени 10 миңден ашык эл шайлаган, Мамытов өзүнүн алган добушун салыштырып, анан бирөөгө асылсын", - деди Рысбаев.

Андан соң депутат Тазабек Икрамов ар бир депутат өз оюн айтууга укуктуу экенин белгилеп, кесиптешин кайсы бир депутаттын атын атап, сын айтуудан алыс болууга чакырды.

"Бүгүнкү күндө сот туура эмес чечим чыгарып, мандатты туура эмес бергени көрүнүп турат. Мандат алдым, баары чечилди дегенден алыс бололу. Шайлоо кодексинде "шайлоо бүткөндөн кийин бир айдын ичинде каралат" деп так жазылып турат. Андан кийин кароого мүмкүн эмес. Шайлоонун жыйынтыгы жокко чыккандан кийин Көк-Жар округунда кайра шайлоо болушу керек эле. Акыйкат үчүн айтып коюш керек. Бул жерде кесиптешиме айтып аткан жерим жок. Сот менен БШКнын чечими туура эмес болгонун айтып жатам. "Лично" сизге эч кандай маселем жок", - деди Икрамов.

Өткөн жумада Мамытов БШК Көк-Жар округу боюнча Рысбаевди жеңүүчү деп таба албай турганын айтып, мындай чечим үчүн БШКнын төрайымын сынга алган.

"Бардык депутаттар шайланып келсе, ал (ред: Равшанбек Рысбаев) катталып гана келип жатат. Кантип отурат анан бул жерде? Ошондой эле административдик иштер жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра каралбайт. Бул түздөн-түз Конституцияга карама-каршы келет. Сот силерге Бакировдун мандатын алып кой деген эмес, чечимиңерди гана жокко чыгарып жатат", - деген Мамытов.

Эске салсак, БШК 26-августта Бакировду депутаттык мандатынан мөөнөтүнөн мурда ажыратып, күбөлүгүн жокко чыгарган.

18-августта Жогорку Сот Өмүрбек Бакиров шайланып келген Ош облусундагы бир мандаттуу Көк-Жар округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган төмөнкү инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.

Өмүрбек Бакировдун ордуна келген Равшанбек Рысбаев 6-сентябрда Жогорку Кеңеште ант берип, депутаттык кызматка киришкен. Ал 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо бир мандаттуу Көк-Жар округунан 2-орунду алган.

Жогорку Кеңеш 27.09.23
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан