Кыргызстанда уятсыз маанидеги унаа номурларындагы тамгаларды айкалыштырууга тыюу салынган. Бул тууралуу “Унаа” мамлекеттик мекемеси колдонуучу Данил Шуваловдун суроосуна жооп берген катында айтылат.
Катта колдонууга тыюу салынган комбинациялардын тизмеси камтылган. Тагыраагы эми мамлекеттик органдардын аббревиатураларын, товардык белгилерди же сөздөрдү билдирген же адепсиз, уятсыз мааниге ээ болгон комбинацияларды колдонууга болбойт.
Тыюу салынган комбинациялардын арасында SEX, LOH, VOR, ZEK сыяктуу жазуулар бар.
.