Ырчы Самара Каримова жолдошуна акыркы үлгүдөгү жол тандабас белек кылды

SUPER.KG порталы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери Асан Мансуровдун 55 жашка толушуна карата өтүп жаткан тойдо конокто болду. Тойдун жүрүшүндө таасирдүү калоо-тилектер, тамашалуу оюндар, баалуу белектер, күтүлбөгөн оюндар орун алды.

Анда жубайы ырчы Самара Каримова жолдошу Асан Мансуров менен 13 жылдан бери түтүн булап келе жаткандыгын айтып, жолдошу анын коргоочусу, тиреги, продюсери экендигин айтып өттү.

олдошум 13 жылдан бери менин колдоочум, коргоочум, продюсерим, тоо болуп турчу тирегим. Албетте биз Самара Каримова болуп элге таанылыш үчүн көп эмгектендик. Эмнебиз бар болсо ошонун баарын сатып, экөөбүз көптөгөн жакшы иштерди жасадык деп ойлойм. Дагы да кыргыз эли үчүн, Кыргызстандын маданияты үчүн көп жакшы иштерди жасай беребиз", - деди Самара Каримова өз сөзүндө.

Ошондой эле Асан Мансуров жубайы белек кылган 35 миң долларлык 2023-жылы чыккан жаңы үлгүдөгү күтүлбөгөн белеги үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Тойго кимдер келишти, кандай каалоо-тилектер айтылды, кененирээк төмөнкү ссылка аркылуу көрүңүздөр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан