Бишкекте "Ала-Арча" соода борборундагы "Империя пицца" кафесинин муниципалдык аймакка куруп алган жайкы террассасы буздурулууда. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда калаа мэриясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 13-ноябрда административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүлүп, кошумча курулуштун аянты 58 чарчы метрди түзөрү аныкталган.
Мындан сырткары 50 чарчы метр таштанды үчүн бастырма алынууда. Башкармалыктын кызматкерлери "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери менен жеринде иш алып барышууда.