Кыргыз дзюдочулары Азия чемпиондугунда 6 медаль жеңди. Алардын бирөө алтын, үчөө күмүш, экөө коло. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти кабарлады.
Белгилүү болгондой, спорттук иш-чара Ташкент шаарында өткөн. Дзюдо боюнча жаштар курама командасы жалпы командалык эсеп боюнча мелдеште 3-орунду ээледи.
Кыздар арасында 63 килограммга чейинки салмакта Адина Көчкөнбаева алтын медалга ээ болсо, 78 килограммга чейинки салмак ченинде Шахида Нармухамедова жана +78 килограмм салмакта Акмаржан Турдажиева күмүш медалга ээ болушту.
Ошондой эле 57 килограмм салмакта Жанар Жолдошева жана 70 килограммга чейинки салмакта Сауле Алмазова коло медалга ээ болушту.
Балдар арасында +100 килограмм салмакта Эмирхан Жолдошказиев күмүш медаль тагынды.