Садыр Жапаровду Минскте кандай тосуп алышты? (Сүрөт)

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 22-ноябрда иш сапары менен Беларустун Минск шаарына барды.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, мамлекет башчысынын борту Минск Улуттук аэропортуна конду.

Аэропорттун флагштокторуна ЖККУга кирген мамлекеттердин желектери илинип, ардактуу кароолдун ротасы тизилди.

Садыр Жапаровду Беларустун премьер–министринин орун басары Анатолий Сивак тосуп алды.

Иш сапардын алкагында мамлекет башчысы Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык Коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан