Жайыл районунда жол кырсыгы катталып, 8 адам жабыркады. Бул туурасында бүгүн, 16-декабрда Чүй облустук ИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек-Чалдыбар унаа жолунда 21 жаштагы кыз Фольксваген үлгүсүндөгү унаасын башкара албай жолдун каршы тилкесине чыгып, Хонда унаасы менен сүзүшкөн. Анын натыйжасында айдоочулар жана денесинен ар кандай жарааттарды алган 5 жүргүнчү ооруканага жеткирилген.