Садыр Жапаров ЖККУ ЖККнын сессиясына катышуу үчүн Эгемендүүлүк Сарайына барды

Бүгүн, 23-ноябрда президенти Садыр Жапаров Жамааттык коопсуздук келишими Уюмунун Жамааттык Коопсуздук кеңешинин сессиясына (ЖККУ ЖКК) катышуу үчүн Минск шаарындагы Эгемендүүлүк Сарайына келди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага келген өлкөлөрдүн лидерлерин Беларустун Президенти Александр Лукашенко тосуп алды.

Саламдашуу аземи менен чогуу сүрөткө түшүү аяктагандан кийин делегация башчылары жыйындар залына өтүштү.

"ЖККУ ЖККнын ишине Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Орусиянын президенти Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Уюмдун Башкы Катчысы Имангали Тасмагамбетов катышууда",-деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан