Акылбек Жапаров иш сапары менен Улуу Британиянын Кардифф шаарына барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Кардифф шаарына келди. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Белгиленгендей, Акылбек Жапаров Лондон шаарында боло турган “МАЙНЕКС – Евразия” кен казуу өнөр жайында инвестициялар боюнча 11-эл аралык конференцияга катышып, тоо кен тармагы боюнча сөз сүйлөйт.

Ошондой эле кыргыз-британ ишкерлер кеңешинин биринчи жыйынына катышат.

Мындан тышкары жумуш сапарынын алкагында тоо кен, энергетика, инвестиция, экономика, каржы, соода тармактары боюнча Улуу Британиянын расмий өкүлдөрү жана компаниялары менен бир катар жолугушууларды өткөрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан