Желекти өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоору парламенттик комитетке келип түштү

Бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери боюнча комитетине мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору келип түштү.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Улан Примов комитеттен мыйзам долбоорун биринчи маселе катары кароону өтүндү.

Эл өкүлү Дастанбек Жумабеков бул маселеге коомчулуктун пикирин эске алып, этият мамиле кылуу керектигин белгиледи.

"Тууну өзгөртүү маселеси боюнча коомчулукта резонанс жаралып, көптөгөн ой-пикирлер айтылууда. Азыр колубузда тиешелүү материалдар да жок. Бул маселени укканда журналисттер да келмек. Ошондуктан материалдар менен таанышып, даярданып, кийинки аптада карасак. Бул мыйзамды кароодо өтө кылдаттык менен мамиле кылсак", - деди Жумабеков.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору бүгүнкү күн тартибине киргизилди. Ал комитеттин кароосуна киргизилген бардык мыйзам долбоорлорунан кийин каралат.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов мамлекеттик тууну өзгөртүүнү сунуштоодо.

Төрага 24-октябрда туунун авторлору Бекбосун Жайчыбеков жана Жусуп Матаев менен жолугуп мамлекеттик символду өзгөртүүгө байланышкан сунуштарын уккан.

Президент Садыр Жапаров тууну өзгөртүү идеясын колдой турганын билдирген.

Бул демилге кызуу талкууга жем таштап, коомчулукта түрдүү пикирлер айтылууда.

Биз эл өкүлдөрүнүн пикирин сурап көргөнбүз. Толугу менен SUPER.KG порталынын YouTube каналынан көрүңүздөр.

Жогорку Кеңеш 28.11.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан