Бүгүн, 17-декабрда саат 05:10 чамасында 5 автоунаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 5 адам жабыркады. Бул туурасында ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы Бишкек шаарынын Жибек Жолу-Будёнов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Жабыркагандар ооруканага жеткирилген.