Глобалдык жаштар программасынын катышуучулары "Кёнбоккун" тарыхый жайы менен таанышты (видео) 

9-Глобалдык жаштар программасынын катышуучулары Сеулдагы "Кёнбоккун" тарыхый жайына барышты.

Программанын катышуучулары Кореянын улуттук кийимдерин кийип, аталган жайдын тарыхы менен таанышышты.

Бул сарай 1394-жылы кореялык жогорку даражалуу Чон Дожонгдун долбоору боюнча курулган. Ал учурда Чосон династиясынын негизги жана эң чоң сарайы болуп, анда падышанын үй-бүлөсү жашаган.

Корея өкмөтү япон оккупациясынын учурунда талкаланган имараттарды калыбына келтирүү жана тейлөө аркылуу бул жерди келечек муундар үчүн сактап калуу үчүн көп убакыт жана күч жумшаган.

Азыр сарай ачык асман алдындагы музейге айланган. Аны көрүү үчүн дүйнөнүн булуң-бурчунан туристтер агылып келишет.

Кёнбокгундун негизги имараттары: "Кынджонджон" такты залы, ошондой эле жасалма көлдүн ортосунда турган "Кёнхверу" павильону.

"Кёнбокгундун" сулуулугунан тышкары, келген коноктор сарайдын аймагында жайгашкан Улуттук сарай музейин жана Улуттук фольклордук музейди да көрө алышат.

11-16-декабрь күндөрү Сеул шаарында өткөн 9-Глоаблдык жаштар программасынын алкагында катышуучулар Кореянын тарыхый жерлери, ири өндүрүш ишканалары менен таанышты.

Глобалдык жаштар программасынын катышуучулары "Кёнбоккун" тарыхый жайы менен таанышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан