Бүгүн, 13-январда кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы Zagreb Open рейтингдик мелдешинде беттешке чыгат.
Ал таймашты квалификациялык баскычтан баштап, биринчи беттешинде бейтарап туунун алдында чыгып жаткан Рита Талисманова менен беттешет.
Эскерте кетсек, Хорватияда өтүп жаткан бул мелдешке Кыргызстандын атынан дагы эки балбан кыз катышты. Анда Айсулуу Тыныбекова алтын медаль тагынса, Нурзат Нуртаева жеңишке жетпей калган.
Эскерте кетсек, эл аралык мелдеш 10-январда башталган. Эртең, 14-январда жыйынтыкталат.