Айпери Медет кызы Zagreb Open рейтингдик мелдешинде алтын медаль утту.
Белгилүүболгондой, спортчу таймашты 1/16 финалдан баштаган.
Алгачкы эки беттешинде ал орусиялык жана канадалык спортчуларды жеңген. Чейрек финалда америкалык атаандашын 10:0 эсебинде уткан.
Финалга чыгуу үчүн франциялык спортчу менен күч сынашып, атаандашын 5:0 эсебинде жеңип алды.
Алтын үчүн кармашта ал кытайлык Хуан Ван кез келип, аны 2:1 эсебинде утту.
Айпери Медет кызынын жеңиши Кыргызстандын куржунуна Zagreb Open рейтингдик мелдешиндеги экинчи алтын байгени алып келди. 12-январда 62 килограмм салмакта Айсулуу Тыныбекова да алтын медаль уткан.
Эскерте кетсек, эл аралык мелдеш 10-январда башталган, бүгүн, 14-январда жыйынтыкталат.