Бүгүн, 16-январда Катарда өтүп жаткан Азия Кубогунун алкагында футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы тайпалык баскычтын алкагында Таиланд курамасына каршы ойноду.
Оюн 2:0 эсебинде Таиланд курама командасынын жеңиши менен аяктады. Жыйынтыгында Кыргыз курамасы маанилүү делген үч упайды ала албай, тайпада төртүнчү орунга түшүп калды.
Кийинки оюнун "Ак шумкарлар" Сауд Арабиясы менен Оманга каршы өткөрөт.