Азия Кубогу: Штефан Таркович "Ак шумкарлар" Таиландга эмне себептен жеңилип калганын айтты

Кечээ, 16-январда футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Азия Кубогунун алкагында Таиланд курамасы менен кез келип, 2:0 эсебинде жеңилип калган.

Оюндан кийинки маалымат жыйында "Ак шумкарлардын" башкы машыктыруучусу Штефан Таркович Кыргыз курамасынын жеңилүүсү айып аянтчаларда жетиштүү деңгээлде ишенимдүү ойной албагандыктан болгонун айтты.

"Биздин команда үчүн оор беттеш болду, үмүтүбүз акталган жок. Таиланд биз менен бирдей деңгээлде ойногон курама экендигин билчүбүз. Бирок командада дагы эле көптөгөн чечиле элек жана алардын үстүнөн иштей турчу маселелердин бар экендиги анык болду. Футбол - бул айып аянтчаларында кылдаттыкты талап кылган оюн. Биз борбордо жакшы оюн көргөздүк, бирок айып аянтчаларда жетиштүү деңгээлде ишенимдүү ойной албадык, бүгүнкү жеңилүүнүн негизги себеби дал ушунда болду.

Биз оюнду талдап, оюнчулар менен сүйлөшүүбүз керек. Атаандаштын жана өзүбүздүн айып аянтчаларыбызда туура чечимдерди кабыл алууну үйрөнүшүбүз керек.

Турнир биз үчүн али бүтө элек, алдыда 2 беттеш бар. Биз Сауд Арабиясы жана Оман менен оюндарда кез келебиз", - деген Таркович.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан