Футбол боюнча Катар улуттук курама командасы мөөнөтүнөн мурда Азия Кубогунун плей-офф баскычына өттү.
Тайпалык баскычтын экинчи айлампадагы беттешинде мелдештин кожоюндары Тажикстан курамасы менен беттешип, 1:0 эсебинде жеңишке жетишти. Жалгыз голду беттештин биринчи бөлүгүндө Акрам Афиф киргизди.
Муну менен Катар 6 упайга ээ болуп, "А" тайпасында 1-орунду камсыздап, мөөнөтүнөн мурда 1/8 финалга өттү. Акыркы турда Катар Кытай менен, Тажикстан Ливан менен ойнойт.